Түркияга жардам. Атайын эсепке 17 млн 838 миң сом чогулду

Түркияга жардам. Атайын эсепке 17 млн 838 миң сом чогулду

Бишкек, 15.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 15-февраль саат 10:00гө карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 17 млн 838 миң 624,75 сом жана 13 миң 550 рубль түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.