Министрлер кабинетинин төрагасы Дубайга иш сапары менен келди

Министрлер кабинетинин төрагасы Дубайга иш сапары менен келди

Бишкек, 13.02.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Дубай шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) иш сапары менен келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш сапардын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Бүткүл Дүйнөлүк Өкмөттөр саммитине катышат (World Government summit) жана “Туруктуу өнүгүүнүн максаттары аракетте”, “Шыктандыруучу диалогдорду тездетүү” панелдик сессияларында сөз сүйлөйт. Мындан тышкары, БАЭ жетекчилиги менен бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылган.

Белгилей кетүүчү жагдай, Бүткүл Дүйнөлүк Өкмөттөр саммити 13-15-февраль күндөрү “Келечектин өкмөттөрүн түзүү” урааны астында өтөт. Иш-чарага бир катар мамлекеттердин президенттери, өкмөттөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат. Саммиттин программасында 200дөн ашуун сессияны өткөрүү жарыяланган жана 300дөн ашуун баяндама окулат.

Саммитте сөз сүйлөгөндөрдүн арасында SpaceX, Tesla компанияларынын тең негиздөөчүсү жана башкы директору Илон Маск, Meta компаниясынын өкүлдөрү, БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш бар.

Маалымат ирээтинде айта кете турган болсок, Бүткүл Дүйнөлүк Өкмөттөр саммити (БДӨС) – 2013-жылы түзүлгөн көз карандысыз жана коммерциялык эмес уюм болуп саналат, анын саммиттери жыл сайын өткөрүлөт. Бүткүл Дүйнөлүк Өкмөттөр саммитин түзүүдө анын уюштуруучулары бул иш-чараны Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумдун аналогу катары көрсөтүшкөн.

Буга чейин өткөрүлгөн саммиттин ар кайсы убактагы баяндамачылары SpaceX жана Tesla компанияларынын тең негиздөөчүсү жана башкы директору Илон Маск, АКШнын мурдагы президенти Барак Обама, Дүйнөлүк экономикалык форумдун негиздөөчүсү жана аткаруучу төрагасы Клаус Шваб, Иорданиянын ханышасы Раниа Аль Абдулла, БУУнун мурдагы башкы катчысы Пан Ги Мун, Индия Республикасынын премьер-министри Нарендра Моди, Дүйнөлүк банк тобунун экс-президенти Джим Йонг Ким, Apple Inc. компаниясынын тең негиздөөчүсү Стив Возняк, Испания Королдугунун мурдагы премьер-министри Хосе Сапатеро, Перс булуңундагы Кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Абдул Латиф Аль Заяни, Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министри Имран Хан болгон.