Түркия жана Сириядагы зилзала. ЖК жыйыны курмандыктарды эскерүү менен башталды

Түркия жана Сириядагы зилзала. ЖК жыйыны курмандыктарды эскерүү менен башталды

Бишкек, 08.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 8-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйыны Түркия жана Сириядагы катталган жер титирөөнүн курмандыктарын эскерүү менен башталды.

Буга чейин төрага Нурланбек Шакиев Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентопко көңүл айтуу катын жолдоп, ушундай кыйын кырдаалда кыргыз эли боордош түрк эли менен бирге экенин белгилеген.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Учурда Түркиядагы табият кырсыгынан каза болгондор 5 миң 894, ал эми жабыркагандар 34 миң 810 адамга жеткени кабарланган.

Ал эми Сирияда жер титирөөнүн натыйжасында 1 миң 250дөн ашык адам өлүп, 2 миңден ашык адам жаракат алгандыгы айтылууда.