КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү жана илим тармагындагы кыргыз-герман кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү маселелери талкууланды.

Тараптар ар кандай билим берүү жана илимий долбоорлордун алкагында Германиянын академиялык алмашуу кызматы (DAAD) жана германиялык фонддор аркылуу, ошондой эле эки өлкөнүн университеттери менен мектептеринин ортосунда ийгиликтүү өнүгүп жаткан билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин канааттануу менен белгилешти.

Тараптар ошондой эле эки ɵлкɵнүн ортосундагы илимий-техникалык кызматташтыкты ɵнүктүрүү боюнча тийиштүү документке кол коюу жɵнүндɵгү маселени да талкуулады