Түркияга жардам. Кыргызстанда маморган кызматкерлери бир күндүк маянасын которууда

Түркияга жардам. Кыргызстанда маморган кызматкерлери бир күндүк маянасын которууда

Бишкек, 08.02.23. /Кабар/. КР Финансы министрлигинин кызматкерлери Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандарга материалдык жардам көрсөтүү максатында бир күндүк эмгек акысын которушту.

Мындан мурда КР президентинин администрация жетекчилери жана кызматкерлери бир күндүк маянасын которушкан.

Учурда Түркиядагы табият кырсыгынан каза болгондор 5 миң 894, ал эми жабыркагандар 34 миң 810 адамга жеткени кабарланган.