...

Түркияда бүгүн эртең менен кайрадан жер титиреди

Башка жаңылыктар Башка жаңылыктар 7 Fevral 2023 09:20
Kabar Айгерим
Түркияда бүгүн эртең менен кайрадан жер титиреди

Бишкек, 07.02.23. /Кабар/. Бүгүн эртең менен Түркияда кайрадан жер титиреп, зилзала өлкөнүн борбордук бөлүгүндө орун алды. Бул тууралуу РИА Новости жазат.

Жердин силкинүүсү саат 03:13тө (бишкек убактысы боюнча саат 06:13тө) катталып, очогунда күчү 5,6 баллга жетти.

“Жер титирөөнүн очогу Гөлбашы аймагынан 5 чакырым алыстыкта, 2 миң чакырым тереңдикте жайгашкан”, - деди айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаарлар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,8 баллга жеткен. Акыркы маалыматтарга ылайык, Түркиядагы зилзаланын кесепетинен каза болгондордун саны 3 миңге жакындап, 16 миңге жакын адам жабыркаган.

​​

Жаңылыктар

Жаңылыктар түрмөгү