Кыргызстан Өзбекстан менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет – Садыр Жапаров

Кыргызстан Өзбекстан менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет – Садыр Жапаров

Бишкек, 27.01.23. /Кабар/. «Кыргызстан бир тууган Өзбекстан менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет», - деп билдирди президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен болгон жолугушуунун жүрүшүндө.

Жапаров Өзбекстан Кыргызстандын жакын коңшу, чыныгы дос жана ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү экендигин баса белгиледи. "Биздин бүгүнкү жолугушуубуз муну дагы бир жолу далилдеп турат", - деди Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президенти өз сөзүндө бүгүнкү күндө өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелер жогорку – стратегиялык деңгээлде экендигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев учурда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанда жүрөт.