KOICA Кыргызстанда электромобилдерди жайылтууга көмөктөшөт

KOICA Кыргызстанда электромобилдерди жайылтууга көмөктөшөт

Бишкек, 27.01.23. /Кабар/. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) директору Ли Жонгсу менен эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Министр Кыргызстан үчүн приоритеттүү багыттардын бири болуп "жашыл" экономиканы жана туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүү экендигин билдирди. Ошол эле учурда "жашыл" өнүгүүнүн маанилүү инструменттеринин бири транспорттун экологиялык режимине өтүү болуп саналат. Министрлик "Кыргызпочтасы" ААК менен биргеликте бул жаатта долбоорду иштеп чыгууда.

Ли Йонгсу белгилегендей, KOICA да климаттын өзгөрүшүнө жана аймактарды өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурат. Тактап айтканда, Кыргызстанга электромобилдер жана электр заряддоочу станциялар боюнча долбоордун алдын ала изилдөөсүн жүргүзүү үчүн эксперттер тобу келди.

Министр Амангелдиев КР Экономика жана коммерция министрлиги KOICAнын кыргыз тараптан контр-өнөктөшү катары KOICA кеңсесинин толук кандуу иштешине жана Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлорго ар тараптуу көмөк көрсөтөөрүн баса белгиледи.