Сардор Умурзаков Кыргызстан менен Өзбекстандын импорт алмашуу пландары тууралуу айтып берди

Сардор Умурзаков Кыргызстан менен Өзбекстандын импорт алмашуу пландары тууралуу айтып берди

Бишкек, 26.01.23. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстан бири-бирин жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн импорттолуп келген товарлар менен камсыздоону пландап жатат. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өтүп жаткан кыргыз-өзбек бизнес-форумунун ачылышында Өзбекстандын президентинин аппарат жетекчиси Сардор Умурзаков билдирди.

Ал Өзбекстан жыл сайын Кыргызстандан 500 млн долларга товар сатып алса, ал эми Кыргызстан 800 млн долларга коңшу өлкөлөрдөн ташылып келген товарлар менен камсыздай аларын белгиледи.

“Биздин дипломатиялык мамилелерибизге 3 миң жыл болду. Бул жылдары өз ара бири-бирибизди толуктап, маданиятыбыз сиңишип, соода-сатык жүргүзүп келгенбиз. Бизде бирдей менталитет калыптанган. Биз муну өндүрүштүк кооперацияны чыңдоо үчүн колдонушубуз керек. Талдоо көрсөткөндөй, биз башка өлкөлөрдөн келген импортту Кыргызстандын 500 млн долларлык продукциясы менен алмаштыра алабыз. Ошондой эле өлкөбүздө өндүрүлгөн 800 млн доллардык товарды Кыргызстанга экспорттой алабыз”, - деди ал.

Ал атап айтканда бул Өзбекстандын цемент, айыл чарба продукцияларын жана көмүрдү импорттоосуна тиешелүү экенин билдирди. Ал эми Кыргызстан бизден химиялык жер семирткичтер, фармацевтика, текстиль жана башкаларды импорттойт.

Муну менен катар Умурзаков Өзбекстандын статистикалык ведомствосунун маалыматы боюнча 2016-жылдан бери республикалар ортосундагы товар алмашуу 7 эсеге, ал эми биргелешкен ишканалардын саны 8 эсеге өскөнүн белгиледи.

“Абсолюттук көрсөткүчтөр биздеги мүмкүнчүлүктөн алда канча аз. Биз өз ара сооданын көп эсе көбөйүшүн камсыздай алабыз жана камсыз кылууга тийишпиз. Бүгүнкү күндө жаңы чакырыктар жана тобокелдиктер пайда болууда. Эртеңки күнү эмне болорун билбейбиз. Мына ушундай шарттарда биз бири-бирибизге — боордош элдерге, боордош кошуналарга жакшыраак карашыбыз керек”, - деди ал.

Белгилей кетсек, форум Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында өтүүдө. Анын жыйынтыгында болжол менен 100 млн долларлык 10 документке кол коюу күтүлүүдө. Расмий бөлүктөн кийин эки өлкөнүн ишкерлери бизнес-өнөктөштүктү түзүү жана кеңейтүү үчүн В2В жолугушуусун өткөрөт.