Кыргызстандын футбол курамасында россиялык дарбазачы Антон Коченков ойной баштайт

Кыргызстандын футбол курамасында россиялык дарбазачы Антон Коченков ойной баштайт

Бишкек, 23.01.23. /Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасында россиялык 35 жаштагы дарбазачы Антон Коченков ойной баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын курамасынын машыктыруучучу Александр Крестинин Metaratings.ru басылмасына маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, “Арсенал” клубунун оюнчусу Коченков Кыргызстандын жарандыгын алды. Ал Бишкекте төрөлүп, өлкөнүн жаштар курамасында ойногон.

Антон Коченков буга чейин “Локомотив”, “Пари НН”, “Волга”, “Ростов”, “Спартак”, “Мордовия”, “Краснодар” жана “Томь” клубдарында ойногон.