Исаев БУУ БКБнын Кыргызстандагы программалык кеңсе жетекчиси менен жолукту

Исаев БУУ БКБнын Кыргызстандагы программалык кеңсе жетекчиси менен жолукту

Бишкек, 20.01.23. /Кабар/. Күн мурун, 19-январда Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) Кыргызстандагы программалык кеңсесинин жетекчиси Андрей Селезнев менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен БУУ БКБнын ортосундагы трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, киберкылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү жаатында кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Ошондой эле БУУнун БКБнын Борбордук Азия мамлекеттери үчүн 2022-2025-жылдарга Программасынын алкагында өз ара аракеттенүүнүн жана долбоорлорду практикалык ишке ашыруунун мындан аркы этаптарын аныкташты.