Эмгек министри Базарбаев Япония элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Эмгек министри Базарбаев Япония элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Бишкек, 19.01.23. /Кабар/. КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги муктаж болгон жарандарга жардам берүү үчүн Япония менен байланышты бекемдөөгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу министр Кудайберген Базарбаев 18-январда Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидеки менен Эмгек министрлигине караштуу Покровкадагы психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин директору Асанкан Сапаралиевдин ортосундагы грант-контрактка кол коюу аземинде билдирди.

"Биздин министрлик япониялык өнөктөштөр менен кызматташууга даяр жана ачык. КР президенти Садыр Жапаровдун "Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө" жарлыгынын алкагында эмгек министрлиги Кыргызстандын жарандарынын Японияда ишке орношуусу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган чараларды иштеп чыгууда.

Ошондой эле өткөн жылы Япония элчилигинин жардамы менен Чүй облусундагы социалдык мекемелерге гуманитардык жардам көрсөтүлгөн. Биз сиздер менен тыгыз кызматташууга даярбыз", - деди министр.

Япония өкмөтүнүн "Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу" гранттык программасынын алкагында Талас облусундагы Покровка аралаш психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине жалпы баасы 98 миң доллардык УЗИ терапия аппараты, стоматологиялык аппарат, кир жуугуч машина жана медициналык унаа берилет.