Бокс боюнча Азия чемпионаты: Бүгүн Анвар Ходжиев беттешет

Бокс боюнча Азия чемпионаты: Бүгүн Анвар Ходжиев беттешет

Бишкек, 18.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 18-январда жаштар арасында бокс боюнча Азия чемпионаты старт алат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш Бангок шаарында өтөт.

Кыргызстандан алгачкылардан болуп, 48 кг салмак категориясында Анвар Ходжиев чыгат. Спортчу казакстандык Санжар Ташкенбай менен күч сынашат.

Белгилей кетсек, чемпионат 28-январга чейин уланат. Кыргызстандан башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана жана улук машыктыруучу Улан Сагынбаевдин жетекчилиги алдында 12 спортчу Азия чемпионатына катышып жатат.

Азия чемпионаты бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө башталат.