Бишкекте Кыргызстан менен Түркиянын туристтик компанияларынын бизнес-форуму өтөт

Бишкекте Кыргызстан менен Түркиянын туристтик компанияларынын бизнес-форуму өтөт

Бишкек, 17.01.23. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын Невшехир аймагынын Учхисар районунун башчысы Осман Сүслү менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн аймактарынын, тактап айтканда, Каракол менен Учхисар ортосундагы боордоштук мамилелерди мындан ары тереңдетүүгө өз ара кызыкдар экендерин билдиришти.

Мындан тышкары, түрк тарап Каракол шаарында Учхисардын бюджеттик каражатынын эсебинен бала бакчанын курулушун баштоо пландалып жаткандыгы тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Бишкекте Кыргызстан менен Түркиянын туристтик компанияларынын катышуусунда бизнес-форумду биргелешип уюштурууну макулдашты.

Маалымат үчүн: 2022-жылдын 2-июлунда Каракол менен Учхисар ортосунда боордош шаарлар мамилелерин түзүү жөнүндө протоколго кол коюлган.