...

Валерий Кичин ФИФАнын версиясы боюнча жылдын мыкты футболчусу наамына добуш берүүгө катышат

Башка жаңылыктар Башка жаңылыктар 17 Yanvar 2023 08:05
Kabar Aiperi Ko
Валерий Кичин ФИФАнын версиясы боюнча жылдын мыкты футболчусу наамына добуш берүүгө катышат

Бишкек, 17.01.23. /Кабар/. Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) версиясы боюнча 2022-жылдын мыкты футболчусу наамына талапкерлер аталды.

Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришкендей, добуш берүү 12-январда башталган. Жеңүүчү 27-февралда ФИФАнын расмий аземинде белгилүү болот.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын капитаны Валерий Кичин талапкерлерди тандоого добуш берүүгө катышат. Ал алдыңкы үчтүккө Килиан Мбаппе, Лука Модрич жана Лионель Мессини киргизди.

Ак-Шумкарлардын капитаны эң мыкты гол Ришарлисондун голу деп эсептейт.

“Жеке мен үчүн бул укмуштуудай гол!” - деди Кичин.

Жаңылыктар

Жаңылыктар түрмөгү