...

Түркия ЖОЖдорунун стипендиялык программасына катталуу 20-февралга чейин жүрөт

Башка жаңылыктар Башка жаңылыктар 13 Yanvar 2023 12:37
Kabar Aiperi Ko
Түркия ЖОЖдорунун стипендиялык программасына катталуу 20-февралга чейин жүрөт

Бишкек, 13.01.23. /Кабар/. Түркиянын жогорку окуу жайларынын стипендиялык программасына катталуунун күнү айтылды.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, Түркия тарабынан Кыргызстандын жарандарына жогорку окуу жайларына бюджеттик негизде бакалавр, магистратура жана Phd докторантура багыттарында билим алуу мүмкүнчүлүгүн берген “Түркия Стипендиялары 2023” программасына каттоо 10-февралдан 20-февралга чейин жүрөт.

"Түркия Стипендиялары 2023” программасына каттоо бир гана сайт аркылуу жүргүзүлөт.

Жаңылыктар

Жаңылыктар түрмөгү