Кыргызстанда ИДПнын көлөмү 919 млрд сомду түздү – Статком

Кыргызстанда ИДПнын көлөмү 919 млрд сомду түздү – Статком

Бишкек, 13.01.23. /Кабар/. Алдын ала баалоого караганда, 2022-жылдын январь-декабрында ички дүң продукттун көлөмү (ИДП) 919 млрд сомго жакын болду. Бул тууралуу брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.

Анын маалыматына караганда, аталган көрсөткүч 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7 пайызга өскөн. Кудайбергенов ИДПнын өсүшү товар алмашуунун жана кызмат көрсөтүүнүн жогорулашы менен шартталганын айтты.

""Кумтөр" кенин эске албаганда, ИДПнын көлөмү 864 млрд сомду түзүп, өсүү 5,9% болду", - деди ал.