Эдил Байсалов жана Индиянын элчиси өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты талкуулашты

Эдил Байсалов жана Индиянын элчиси өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты талкуулашты

Бишкек 12.01.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Индиянын Кыргызстандагы элчиси Арун Кумар Чаттержини кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, илим жана билим берүү тармактарындагы кыргыз-индия мамилелерин ар тараптуу активдештирүү маселелерин талкуулашты.

Төраганын орун басары Кыргызстан Индиянын заманбап дүйнөдөгү ролун жана лидерлигин жогору баалай турганын белгиледи. Индиянын чоң жыйырмалыкка жана ШКУга төрагалык кылуу жылында бир катар эки тараптуу сапарлар пландаштырылууда, анын жүрүшүндө Бишкек кыргыз-индия мамилелеринин деңгээлин жана өз ара сооданын жана инвестициянын көлөмүн олуттуу түрдө жогорулатууга умтулууда.

Өз кезегинде Арун Кумар Чаттержи өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экендигин билдирди.