Быйыл Кепилдик фонду 3,3 млрд сомго 2,5 миң кепилдик берүүнү пландоодо

Быйыл Кепилдик фонду 3,3 млрд сомго 2,5 миң кепилдик берүүнү пландоодо

Бишкек, 12.01.23. / Кабар/. 2023-жылы Кепилдик фонду 3 млрд 300 млн сомдон ашык каражатка 2 миң 500 кепилдик берүүнү пландоодо. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында “Кепилдик фонду” ААК башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылы 1 млрд 850 сомго 1050 кепилдик берилген.

“Быйыл экспортко иштеп жаткан ишкерлерге дагы жардам берели деп жатабыз. 2022-жылдын 11 айынын жыйынтыгында биздин импорт 80 пайызга жетсе, экспорт 20 пайызга түшүп кетти. Буга геосаясий абал себеп болду. Экспортко иштеп жаткан ишкерлерди колдосок, анда алардын товарлары атаандаштыкка туруштук берип жатып сапаты жакшырат. Ошондой эле ишкерлерге консультативдик жардам жана сырткы рынокко чыгууга көмөктөшөбүз. Кийинки жумадан баштап алар менен иштей баштайбыз”, - дейт ал.