...

Эркинбек Осоев Кыргызстандын Япониядагы элчиси болуп дайындалды

Башка жаңылыктар Башка жаңылыктар 12 Yanvar 2023 10:50
Kabar Aiperi Ko
Эркинбек Осоев Кыргызстандын Япониядагы элчиси болуп дайындалды

Бишкек, 12.01.23. /Кабар/. Эркинбек Осоев Кыргызстандын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Белгилей кетсек, Осоев 2021-жылдын апрелинде транспорт жана коммуникациялар министри кызматына дайындалып, 2022-жылдын октябрында берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулган.

Жаңылыктар

Жаңылыктар түрмөгү