...

Россиянын Свердлов облусу баткендиктерге гумжардам көрсөттү

Башка жаңылыктар Башка жаңылыктар 11 Yanvar 2023 08:47
Kabar Aiperi Ko
Россиянын Свердлов облусу баткендиктерге гумжардам көрсөттү

Бишкек, 11.01.23. /Кабар/. Россиянын Свердлов облусу Баткен облусунун тургундарына гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусуна кичинекей балдар үчүн жылуу кийимдер жеткирилди.

Долбоор "Свердлов облусунун Губернатордук программаларынын фонду" коммерциялык эмес уюму, "Биздин үй»" улуттук маданий уюмдарды өнүктүрүү жана мигранттарды колдоо борбору тарабынан жана Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугунун көмөгү менен ишке ашырылды.

Баткен облусунун жетекчилиги Свердлов облусуна жана кайрымдуулук акциясынын башка бардык катышуучуларына ыраазычылык билдирди.

Жаңылыктар

Жаңылыктар түрмөгү