Салык кызматы КНСти контролдоонун автоматташтырылган системасын ишке киргизди

Салык кызматы КНСти контролдоонун автоматташтырылган системасын ишке киргизди

Бишкек, 28.12.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы (МСК) 2022-жылдын декабрынан тартып кошумча нарк салыгын башкарууну өркүндөтүү максатында "КНСти контролдоонун автоматташтырылган системасы" ("КНС" системасы) аналитикалык системасын ишке киргизди.

МСКнын басма сөз кызматы билдиргендей, "КНС" системасы фискалдык маалыматтарды автоматтык режимде иштеп чыгуучу аналитикалык платформаны жана аналитикалык инструментти билдирет.

"КНС" системасы боюнча отчетторго, электрондук эсеп-фактураларга жана товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатуучу (жеткирүүчү) тарабынан таризделген башка баштапкы документтерге салык инспекторлорунун кийлигишүүсүз автономдуу режимде талдоо жүргүзөт. "КНС" системасы айырмачылыктарды эсептейт жана иштеп чыгат, КНС боюнча тобокелдик деңгээлин эсептейт, ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн байланыштарын визуалдаштырат.

Системанын жардамы менен салык кызматкерлери КНСти эсептөөнүн, төлөөнүн тууралыгын жана толуктугун контролдой алышат, анын ичинде КНСтин отчеттуулугу боюнча салык төлөөчүлөргө камералдык салык текшерүүлөрүн жүргүзө алышат. КНС КАСты колдонуу салык төлөөчүлөрдүн операцияларынын ортосундагы дал келбестиктерди ыкчам жана натыйжалуу табууга мүмкүнчүлүк түзөт.

"КНС" системасын киргизүү маалыматтарды текшерүү жана талдоо убактысын кыйла кыскартат, салыктык башкарууну жеңилдетет, салык кызматкерлеринин ишкерлер менен байланышын азайтат.

Системаны ишке киргизүүнүн аркасында Салык кызматы отчеттук маалыматтарда 277 млн сом суммасындагы КНСтин дал келбестигин аныктады, анын ичинен өлкөнүн бюджетине 40 млн сомдон ашык каражат келип түштү.