Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматтарынын башчылары жолугушту

Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматтарынын башчылары жолугушту

Бишкек, 27.12.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 26-декабрында Лейлек районунун Борбордук айылында КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин жетекчилиги менен күч структураларынын жетекчилери Баткен жана Лейлек райондорунун акимдери, Согди облусунун жетекчиси Раджаббой Ахмадзода, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен район акимдеринин катышуусунда эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууга ошондой эле КР УКМК Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев жана ТР Чек ара кызматынын жетекчиси Раджабали Рахмонали да катышты.

Эки тараптуу жолугушууда чек арага жакын жерлерде мыйзамсыз инженердик иштерди жүргүзбөө, эки тараптын күч структуралары биргеликте иш алып баруу ошондой эле чек ара аймактарында тынчтыкты сактоо боюнча жана башка маселелер каралды.