Марокко Кыргызстан менен билим берүү тармагында тыгыз кызматташууга даяр

Марокко Кыргызстан менен билим берүү тармагында тыгыз кызматташууга даяр

Бишкек, 23.12.22. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Марокконун Жогорку билим берүү, илимий изилдөөлөр жана инновациялар министри Абдуллатиф Миравий менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Жолугушуу Марокконун борбору Рабат шаарында өтүп жаткан Ислам билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ICESCO) Башкы конференциясынын кезектеги 43-сессиясынын алкагында болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө А.Артыкбаев эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы мамилелерин өнүктүрүү максатында Кыргызстандын министрлер кабинети менен Марокко өкмөтүнүн ортосунда билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө Макулдашуунун долбоорун марокко тараптын кароосуна тапшырды.

Мындан тышкары, тараптар эки өлкөнүн ортосунда билим берүү тармагында тыгыз кызматташууга чоң мүмкүнчүлүктөр бар экендигин белгилешип, Кыргызстандык студенттерди Маарокконун жогорку окуу жайларында окутуу үчүн гранттык орундарды бөлүү сунушу айтылды.

Өз кезегинде. Марокко министри А.Миравий Кыргызстан менен билим берүү тармагында тыгыз кызматташууга даяр экендигин белгилеп, бул жаатагы мамилелерди өнүктүрүүгө зарыл болгон бардык аракетин жумшай тургандыгын билдирди.

Жолугушуунун соңунда А.Артыкбаев Марокко министри А.Миравийди өзүнө ынгайлуу убакта Кыргызстанга иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.