Кадыр Нурмаматов Антарктидадагы тоонун чокусун багындырган алгачкы кыргызстандык болду

Кадыр Нурмаматов Антарктидадагы тоонун чокусун багындырган алгачкы кыргызстандык болду

Бишкек, 21.12.22. /Кабар/. Кадыр Нурмаматов Антарктидадагы Винсон тоосунун чокусун багындырган алгачкы кыргызстандык болду. Бул тууралуу “Жети чоку клубу” альпинизм клубу өз сайтында билдирди.

Аталган клубдун президенти Александр Абрамовдун айтымында, Антарктидадагы Винсон тоосуна болгон экспедиция аяктады. Команданын курамында Индия, Болгария, Кыргызстан, Беларусь Республикасынын жана Россиянын өкүлдөрү болду.

“Бул улуттардын ортосундагы чыныгы достук. Бири-бирибизге жардам берип, бирге кубандык. Мыкты команда. Натыйжада команданын ичинен Винсон массивинин чокусуна биринчи кыргызстандык Кадыр Нурмаматов чыкты. Ошондой эле “Жети чоку” долбоорун аяктаган эң улуу индус Шарад Кулкарни чыкты. Ал эми Винсон массивине чыккан экинчи индус аял Анвита Падамати болду”, - деди уюмдун президенти.