Кыргызстан менен Кытай Ысык-Көл жана СУАРдын ортосунда боордоштук мамиле түзөт

Кыргызстан менен Кытай Ысык-Көл жана СУАРдын ортосунда боордоштук мамиле түзөт

Бишкек, 20.12.22. /Кабар/. Бишкекте Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу району менен Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун ортосунда боордоштук мамиле түзүү планы талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган маселе КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен КЭР СУАР Элдик өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Сун Хунмейдин жолугушуусунда талкууланды.

Министр Амангелдиев кыргыз-кытай эки тараптуу мамилелеринин 2022-жылга көп болгондугун белгиледи. Ал кыргыз тараптын "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрүү пункттарын бекемдөө боюнча жүргүзүп жаткан иштери, кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында жүк ташуулардын өсүү динамикасы тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле Амангелдиев Кыргызстандын айыл чарба продукциясын Синьцзян аймагына жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, эпидемиялардын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча кырдаалга жараша карантиндик процессти оптималдаштырууга жана чек ара бекеттериндеги товарларды өткөрүү көлөмүн жогорулатууга көмөктөшүүгө чакырды.

Хунмей Кыргызстан 2022-жылы КЭР СУАРдын №1 өнөктөшү экенин белгилеп, тараптардын өткөрүлүп жаткан көргөзмө иш-чараларына катышуусунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, жашыл энергетика чөйрөдө кызматташуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Тараптар ошондой эле Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолун куруу, Бедел өткөрүү пунктун куруу боюнча биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү боюнча тыгыз кызматташууну улантууну макулдашты, Ишкер кеңешин түзүү жана Ысык-Көл облусу менен Кытайдын СУАР ортосунда боордоштук түзүү маселесин көтөрүштү.