2023-жылы Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

2023-жылы Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Бишкек, 16.12.22. /Кабар/. Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков менен жолугушту.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, тараптардын жолугушуусу Ташкент шаарында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XV форумунун алкагында өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде учурдагы абалы жана келечегин талкуулашты.

Тактап айтканда, Озодбек Назарбеков эл аралык байланыштарды чыңдоодо маданий дипломатиянын маанилүү ролун баса белгиледи. Бул контекстте биргелешип узак мөөнөттүү стратегиялык программаны иштеп чыгуу жана кабыл алуу жана эки элдин маданий алакасын салттуу түрдө улантуу сунуштады.

Өз кезегинде Чыңгыз Эсенгул уулу мамлекеттер аралык саясий, экономикалык жана башка кырдаалдарга карабастан, маданият чөйрөсү ар дайым өз алдынча жана үзгүлтүксүз болушу керек. Маданий байланыштар эки өлкөнүн ортосундагы негизги көпүрө жана алар ар дайым өнүгүп, өсүп турушу керектигин белгиледи. Ошондой эле, Чыңгыз Эсенгул уулу 2023-жылы Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөөрүн айтып, кыргыз маданиятынын мыкты үлгүлөрүн көрсөтүүгө даярдыктар көрүлөөрүн маалымдады.

Белгилей кетсек, 2023-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толот. Бул мааракелик датага карата маданият күндөрүн паритеттик негизде өткөрүү пландалууда. Борбор шаарлар маданий иш-чараларга бай экенин эске алып, өз ара макулдашуу боюнча Кыргызстандын маданият күндөрүн Ташкент, Хорезм жана Жизак облустарында өткөрүү чечими кабыл алынды. Алдын ала маалымат боюнча программага Улуттук "Манас" театрынын гастролу да кирет.