2023-жылы Кыргызстанга Россиядан жаңы МИ-8 МТВ тик учагы келет — Жапаров

2023-жылы Кыргызстанга Россиядан жаңы МИ-8 МТВ тик учагы келет — Жапаров

Бишкек, 15.12.22. /Кабар/. 2023-жылы Кыргызстанга Россиядан жаңы МИ-8 МТВ тик учагы келет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине маек берип жатып билдирди.

“Аскердик тик учактарыбыздын баарын оңдодук. Кудай буюрса, Россиядан 2023-жылы дагы бир жаңы МИ-8 МТВ тик учагы жардам катары келет. Ушинтип, колдон келишинче эскисин жаңылап, жаңысын сатып алып жатабыз”, - деди өлкө башчы.

Жапаров ошондой эле ӨКМге жаңы сатып алынган тик учак боюнча комментарий берди.

“Тик учак өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу үчүн эле эмес, мамлекетибизге кандай кырдаалдардарда керек боло турган болсо, ошондой учурларга дагы колдонулат деп турабыз. Маселен, тез жардам үчүн керек болуп калса, тез жардам катары колдонобуз. Бизде бай бизнесмендерибиз көп. Алар ижарага алып, мамлекеттин булуң-бурчуна учса болот. Чет өлкөдөн келген туристтер же өзүбүздүн жарандар деле ижарага алып, учса болот. Ошондо тик учак өзүн-өзү тез актайт. Биз “мамлекеттин тик учагын мамлекет эле колдонуп, башка учурда жөн эле токтоп тура бериши керек” деген ой-жүгүртүүдөн кетишибиз керек”, - дейт президент.