Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандардын саны бир жумада 1,5 эсеге өстү

Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандардын саны бир жумада 1,5 эсеге өстү

Бишкек, 12.12.22. /Кабар/. Кыргызстан боюнча 5нен 11-декабрга чейинки аралыкта курч респиратордук вирустук инфекциянын (КРВИ) жана сасык тумоонун 14 миң 78 учуру (КРВИ - 13 миң 993, сасык тумоо - 85 учур) катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч өткөн жумага салыштырмалуу 1,5 эсеге өскөн. Ооругандардын жалпы санынын 68,7 пайызын 14 жашка чейинки (9 миң 669 учур) балдар түзөт.