2023-жылы КМШнын маданий борбору Санкт-Петербург шаары болмокчу

2023-жылы КМШнын маданий борбору Санкт-Петербург шаары болмокчу

Бишкек, 08.12.22. /Кабар/. "Каракол шаары - 2022-жылы шериктештиктин маданий борбору" долбоору жабылып, Санкт-Петербург шаарына өткөрүп берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине кирген мамлекет башчыларынын 2020-жылдын 18-декабрындагы чечими менен "Каракол шаары - 2022-жылы шериктештиктин маданий борбору" болуп жарыяланган.

"Шериктештиктин маданий борбору" эл аралык программасы КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда 2011-жылдан бери ишке ашып, мүчө-мамлекеттер ар жыл сайын талапкер катары өз шаарларын сунуштап келет.

"Ал эми мындай статуска татыктуу болуп, ошол эле учурда Кыргызстандын жалпы элин жана дүйнөлүк конокторду кучагына алган Каракол шаары үчүн "Шериктештиктин маданий борбору" болуу мүмкүнчүлүгү биринчиден чоң сыймык. Экинчиден шаардын бай тарыхын, өзгөчө маданиятын, көп улуттуулугун, социалдык жана коомдук абалынын өнүгүшүн тегиз ачып берүү, жашоочуларыбыз жана туризм тармагына агылган меймандарыбыз үчүн жакшы шарттарды түзүү чоң жоопкерчилик", - деди президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү Илияз Иманбетов.

Соңунда "Каракол шаары - 2022-жылы КМШнын маданий борбору" долбоорунун кийинки эстафетасы Санкт-Петербург шаарына узатылды.