Америкалык Boeing компаниясынын жетекчилиги Кыргызстанга келет

Америкалык Boeing компаниясынын жетекчилиги Кыргызстанга келет

Бишкек, 08.12.22. /Кабар/. Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев Boeing компаниясынын вице-президенти Монти Фрейзер жана аталган компаниясынын Евразия боюнча директору Марио Эбчим менен жолугушту.

АКШдагы КР элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жолдору талкууланды.

Элчи Аманбаев Кыргызстандын жарандык авиациясын ар тараптуу өнүктүрүү президент Садыр Жапаровдун министрлер кабинетинин алдына койгон эң башкы маанилүү тапшырмаларынын бири экендигин баса белгилеп, кыргыз авиациясын өнүктүрүү боюнча өз сунуштарын ортого салды.

"Бакыт Аманбаев Кыргызстандын Евразия континентинин чок ортосунда, Борбор Азиянын жүрөгүндөгү аябай ыңгайлуу географиялык точкада жайгашкандыгын айтып, келечекте Кыргызстан түндүк менен түштүктү, батыш менен чыгышты байланыштырган жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуучу бирден бир борборго айлануу мүмкүнчүлүгү бар экендигин жана ушул багытта кызматташууну жакшыртууга чакырды", - деп айтылат маалыматта.

Америкалык тарап Кыргызстан менен кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар экендигин билдиришти. Натыйжада, Boeing компаниясынын Евразия боюнча директору Марио Эбчим ушул жылдын декабрь айынын соңунда иш сапары менен Кыргызстанга барарын убада кылып, иш сапары жемиштүү болсо, келерки жылдын башында Boeing компаниясынын жогорку деңгээлдеги жетекчилеринин Кыргызстанга иш сапары менен барары макулдашылды.