Жээнбек Кулубаев АКШ элчисинин ишеним грамотасынын көчүрмөлөрүн кабыл алды

Жээнбек Кулубаев АКШ элчисинин ишеним грамотасынын көчүрмөлөрүн кабыл алды

Бишкек, 06.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 6-декабрда КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Лесли Вигериден ишеним грамотасынын көчүрмөлөрүн тапшыргандыгына байланыштуу кабыл алды.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө министр Кулубаев элчи Вигерини кызматка дайындалышы менен куттуктап, эки тараптуу мамилелердин мындан ары активдешүүсүнө ишенимин билдирди. АКШнын Элчиси өз кезегинде Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелерди мындан ары да чыңдоого даярдыгы тууралуу маалымдады.

Сүйлөшүүлөрдө Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу күн тартибинин алкагында да, аймактык платформаларда да, анын ичинде "Борбордук Азия+АКШ" форматындагы кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкууланды.

Тараптар ошондой эле аймактык коопсуздук жана Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү интеграциялык процесстерди тереңдетүү маселелерине токтолушту.

Кулубаев КР ТИМи элчиге өзүнүн дипломатиялык миссиясын аткарууда ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экениндигине ишендирип, эки тарапка тең пайдалуу кыргыз-америка кызматташтыгын мындан ары да бекемдөөдөгү жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.