Жапаров менен Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү – эмнени талкуулашты?

Жапаров менен Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү – эмнени талкуулашты?

Бишкек, 06.12.22. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев бүгүн, 6-декабрда телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, бекем ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Өзбек лидери ошондой эле, Бишкек шаарында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын ийгиликтүү өтүшүн каалады.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров туулган күнү менен жылуу куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары эки тараптуу мамилелердин тарыхында жаркын окуя болуп калаарына ишенимин билдирди.

Мамлекет башчылары Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарын ушул жылдын декабрь айында өткөрүүнү макулдашты.

Эки тарап Бишкекте пландаштырылган иш-чаралар кыргыз-өзбек кызматташтыгын эки мамлекетти бирдей кызыктырган бардык чөйрөлөрдө өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө түрткү берип, мамлекеттердин биргелешкен өз ара аракеттенүүсүн жаңы деңгээлге чыгараарына ишенимин билдиришти.