Бишкекте "Кыргызстан — Өзбекстан" бизнес форуму өтөт

Бишкекте "Кыргызстан — Өзбекстан" бизнес форуму өтөт

Бишкек, 05.12.22. /Кабар/. Бишкекте 9-декабрда "Кыргызстан — Өзбекстан" бизнес форуму өтөт. Бул тууралуу Инвестиция боюнча улуттук агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн ишкерлеринин жолугушуусу "Хаят Ритженси Бишкек" мейманканасынын конференц-залында өтөт. Ата мекендик ишкерлер 0312 30 04 18 номери аркылуу кеңеш алып, каттоодон өтөт алышат.

Билдирүүдө аянтча катышуучуларга жеңил өнөр жай, ошондой эле агро өнөр жай жана туризм тармактарында жаңы өнөктөштөрдү табууга мүмкүндүк берери белгиленет.