КР Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен Япониянын тышкы соода уюму кызматташат. Меморандумга кол коюлду

КР Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен Япониянын тышкы соода уюму кызматташат. Меморандумга кол коюлду

Бишкек, 01.12.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Японияга жумушчу сапарынын алкагында Япониянын тышкы соода уюмунун (Japan External Trade Organization, JETRO) төрагасы Нобухико Сасаки менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Япониянын тышкы соода уюмунун жетекчиси Нобухико Сасаки белгилегендей, экспортту өнүктүрүүнүн ийгиликтүү мисалдарынын бири катары Кыргыз Республикасынан Японияга ак балды жеткирүүнү уюштуруу болуп саналат.

«Ошондой эле Токио шаарындагы «Ханэда» эл аралык аэропортунда «Бир айыл – бир продукт» долбоорунун алкагында өндүрүлгөн продукцияларды саткан дүкөн ийгиликтүү иш алып барууда. Биз мындан ары да Кыргызстандын продукциясын Японияга жана үчүнчү өлкөлөргө экспорттоону өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө ниеттенип жатабыз. Буга катар эле биз өз продукциясын башка өлкөлөргө экспорттоону каалаган кыргызстандык товар өндүрүүчүлөрдү колдоого алуунун жаңы ыкмалары үстүндө иштейбиз», - деди Нобухико Сасаки.

Өз кезегинде министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Япония дүйнөдө технологиялык жактан өнүккөн өлкөлөрдүн бири экенин, ошондуктан биздин республика жапон технологияларына кызыкдар экендигин белгиледи.

«Азыр биздин алдыбызда өлкөнү индустриялаштыруу милдети турат. Бизге ата мекендик кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү үчүн да заманбап жапон жабдуулары жана технологиялары керек. Министрлер кабинетинин түзүмүндө экспортту өнүктүрүүгө жооптуу JETRO сыяктуу мекеме болушун каалайбыз», - деди ал.

Жолугушуунун жыйынтыгында Акылбек Жапаров менен Нобухико Сасаки кыргыз товар өндүрүүчүлөрүн алдыга жылдыруу жана алар кызыккан долбоорлорду илгерилетүү жаатында эки тараптуу кызматташууну активдештирүү боюнча макулдашышты.

Ошондой эле Япониянын тышкы соода уюму менен Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу аземи болду.

Маалымат үчүн: Япониянын тышкы соода уюму Япония менен дүйнө өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара сооданы жана инвестицияны илгерилетүү жаатында алектенет.