Москвада КР элчиси ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын жооптуу катчысы менен жолугушту

Москвада КР элчиси ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын жооптуу катчысы менен жолугушту

Бишкек, 01.12.22. /Кабар/. Күн мурун, 30-ноябрда Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын жооптуу катчысы Сергей Поспелов менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Москва шаарында үстүбүздөгү жылдын 5-декабрына белгиленген Кеңештин биргелешкен жыйынынын жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын XV пленардык жыйынынын алдында өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.