Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтты

Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтты

Бишкек, 01.12.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге Кытайдын мурдагы төрагасы Цзян Цзэминдин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Кытай элинин чыгаан уулу, Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин мурдагы төрагасы Цзян Цзэминь мырзанын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан маркумдун туугандарына жана жакындарына, бүткүл кытай элине терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Цзян Цзэминь мырза дос мамиледеги кытай элинин жана мамлекетинин тарыхында терең из калтырып кетти. Цзян Цзэминь мырзанын жетекчилиги астында Кытай Эл Республикасы дүйнөлүк аренада өзүнүн татыктуу орун ээлеп, экономикалык өсүүнүн жогорку көрсөткүчтөрүнө жетишип, саясий, экономикалык жана аскердик потенциалын бекемдеди, өлкө Дүйнөлүк соода уюмуна кошулуп, Кытайдын жаңы тарыхында биринчи жолу Пекинде Олимпиада оюндарын өткөрүүгө жолдомо утуп алды жана башка жетишкендиктер болду.

Кытай менен мурдагы Советтер Союзунун өлкөлөрүнүн ортосунда көп жылдар бою чечилбей келген чек ара маселелери ийгиликтүү чечилип, кийин динамикалуу өнүгүп жаткан уюмдардын бири - Шанхай кызматташтык уюмуна айланган “Шанхай бешилтиги” түзүлдү.

Цзян Цзэминь мырза бүгүнкү күндө ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку даражасына жеткен кыргыз-кытай ынак коңшулук, достук жана кызматташтык мамилелеринин башында турган. 1996-жылдын июль айында Цзян Цзэминь Төраганын Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө мамлекеттик чек арабызды эки элдин ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын көпүрөсүнө айландырууга негиз болгон кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимге кол коюлган.

Кыргызстандын эли Цзян Цзэминь мырзанын кыргыз-кытай мамилелерин өнүктүрүүгө жана чыңдоого кошкон зор салымын унутпайт.

Маркумдун туугандарына жана жана жакындарына көңүл айтуумду жеткирүүңүздү суранам”, - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.