Кыргызстандык эки балбан жаштар арасында дүйнө чемпионатында медалга ээ болду

Кыргызстандык эки балбан жаштар арасында дүйнө чемпионатында медалга ээ болду

Бишкек, 18.11.22. / Кабар/. Кыргызстандык эки балбан Испаниядагы 23 жашка чейинки балбандар арасында дүйнө чемпионатында медалга ээ болду. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

Күрөштүн үч түрү боюнча өткөн мелдеш 17-23-октябрда Понтеведра шаарында болду.

Турнирдин жыйынтыгында эркин күрөш боюнча 61 кг салмакта Тайырбек Жумашбек уулу күмүш жана 57 кг салмакта Бекзат Алмаз уулу коло медаль тагынды.