Быйыл Кыргызстандагы камсыздандыруу компаниялардын кирешеси 1,8 млрд сомду түздү

Быйыл Кыргызстандагы камсыздандыруу компаниялардын кирешеси 1,8 млрд сомду түздү

Бишкек, 18.11.22. /Кабар/. 2022-жылдын январь-сентябрь аралыгында 14 камсыздандыруу компаниянын кирешеси 1,8 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, камсыздандыруу компаниялардын кирешеси 2021-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 1,4 эсеге өстү. Кирешелердин негизги көлөмү келип түшкөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен алынды.

2022-жылдын 1-октябрына карата камсыздандыруу компаниялары тарабынан 190 миң камсыздандыруу келишимдери түзүлдү. Муну менен бирге түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын 85 пайызы жеке жактар менен түзүлгөн келишимдерге туура келди. Ал эми түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын 64 пайызы ыктыярдуу камсыздандыруунун үлүшүнө туура келди.

Түзүлгөн келишимдер боюнча камсыздандыруу суммасы 2022-жылдын 1-октябрына карата өткөн жылдын тиешелүү күнүнө салыштырмалуу 1,6 эсеге көбөйүү менен 1 трлн 70 млрд сомду түздү. Камсыздандыруу суммасынын эң көп көбөйүүсү ыктыярдуу жоопкерчиликти камсыздандыруу жана жеке камсыздандыруу келишимдери боюнча белгиленди.

2022-жылдын январь-сентябрында 1,5 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрү келип түштү, бул өткөн жылдын январь-сентябрына караганда 1,4 эсеге көп.

Жыл башынан бери 5,7 миң камсыздандыруу учурлары белгиленди. Алардын ичинен 56 пайызы ыктыярдуу жеке медициналык камсыздандырууга туура келди. Жүргүзүлгөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн негизги суммасы ыктыярдуу мүлктүк камсыздандырууга жана жеке медициналык камсыздандырууга туура келди.