Кыргызстанда ректорлордун дүйнөлүк форуму өтөт

Кыргызстанда ректорлордун дүйнөлүк форуму өтөт

Бишкек, 12.09.22. /Кабар/. 14-15-сентябрда Кыргызстанда “Улуттук инновациялык экосистеманы курууда университеттердин ролу” темасындагы ректорлордун дүйнөлүк форуму өтөт. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигиндеги маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу билдирди.

Анын айтымында, форумга дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсүнүн жогорку окуу жайларынын 100дөн ашуун ректорунун катышуусу күтүлүүдө.

“Иш-чара “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөрүү пландалып жатат, форумду министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ачат”, - деди ал.

Министрдин орун басары форумдун алкагында бир катар панелдик сессияларды жана Бишкек гуманитардык университетинин базасында “EXPO-2022” ЖОЖдордун эл аралык көргөзмөсүн өткөрүү пландалып жатканын белгиледи.

"Форум изилдөөлөрдүн жана инновациялардын эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн ЖОЖдордун тажрыйба алмашуусуна негиз болот. Катышуучулар жаштардын илимий-техникалык потенциалын ишке ашыруу, ЖОЖдордун интеллектуалдык менчик объектилерин коммерциялаштыруу, изилдөө жана билим берүү кызматтарын көбөйтүү үчүн илимий мектептерди уюштуруу жолдорун талкуулашат. Форум Кыргызстандын университеттеринин эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуусуна өбөлгө түзөт”, - деди Абазбек уулу.