...

Кыргызстанда ИДПнын көлөмү сегиз айда 506 млрд сомду түздү

Башка жаңылыктар Башка жаңылыктар 12 Sentyabr 2022 09:49
Kabar Aiperi Ko
Кыргызстанда ИДПнын көлөмү сегиз айда 506 млрд сомду түздү

Бишкек, 12.09.22. /Кабар/. Кыргызстанда алдын ала баалоого караганда, ички дүң продукттун (ИДП) көлөмү үстүбүздөгү жылдын январь-августунда 506 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев брифингде билдирди.

Анын маалыматына караганда, бул көрсөткүч 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8%га өскөн. ИДПнын көрсөткүчү калкка кызмат көрсөтүү (46%), өнөр жай (19%), айыл чарба (дээрлик 13%), жана курулуш тармагынын (16%) өсүшү менен шартталган.

"«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү январь-августта дээрлик 468 млрд сомду түзүп, 5,1 пайызга өстү", - деди ал.

Жаңылыктар

Жаңылыктар түрмөгү