"Ужас Бишкека" телеграмм тобу. Милиция иштин чоо-жайын айтып берди

Бишкек, 17.10.25. /Кабар/. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен биргеликте Telegram социалдык тармагындагы "Ужас Бишкека Аверсион" группасында тараган сүрөттө көрсөтүлгөн жашы жете элек кыздын өздүгүн аныктады.

ШИИББден билдиришкендей, 16-октябрда аталган топтун мессенжеринде коркутуулар жана чагымчыл мүнөздөгү сүрөттөр камтылган билдирүү жарыяланган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында көрсөтүлгөн жарандын өздүгүн аныкталган, ал “Эне-Сай” конушунун тургуну, жашы жете элек М.Н. болуп чыкты.

Өспүрүм ата-энесинин коштоосунда милиция бөлүмүнө жеткирилген. Сурамжылоодо ал буга чейин Telegram-каналында белгисиз адам менен жаңжалдашып, кийин анын эл аралык издөөдө жүргөн Овсюк Ярослав Михайлович экени белгилүү болгонун түшүндүргөн. Андан кийин анын дарегине “bishkekhorror” аттуу аккаунттан коркутуулар келип түшкөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында М.Н. коркунучтуу билдирүүлөрдүн таралышына тиешеси жок экени, ал эми бул билдирүүлөр чагымчыл мүнөздө болуп, башка колдонуучулар тарабынан өч алуу максатында жайгаштырылганы аныкталды.

Натыйжада ата-энесине карата КР Уук бузуулар жөнүндө кодексинин 102-беренесине ("Ата-энелик милдеттерден качуу") ылайык протокол түзүлгөн.

Бишкек ШИИББ интернет айдыңында жалган же чагымчыл мүнөздөгү маалыматтарды таратуу — мыйзам менен тыюу салынган жана кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет.

Милиция жарандарды сабырдуулукка чакырып, дүрбөлөңгө түшпөөгө жана күнүмдүк жашоосун улантууга үндөйт. Мессенджерлерде жана социалдык тармактарда тараган айрым маалыматтар чындыкка дал келбейт жана жасалма мүнөздө экенин расмий түрдө билдиребиз.