КР делегациясы Казактандын сот тутумун санариптештирүү тажрыйбасы менен таанышууда

КР делегациясы Казактандын сот тутумун санариптештирүү тажрыйбасы менен таанышууда

Бишкек, 21.06.22. /Кабар/. Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков башында турган кыргыз делегациясы Казактандын Нур-Султан шаарында сот тутумун санариптештирүү тажрыйбасы менен таанышууда. Бул тууралуу КР Жогорку сотунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш сапарын алкагында Замирбек Базарбеков Казакстандын Жогорку сотунун төрагасы Жакып Асанов менен жолугушту.

Замирбек Базарбеков Кыргызстандын сот системасы үчүн Казакстандын санариптештирүү жаатындагы тажрыйбасы кызыктуу гана эмес, маанилүү экендигин баса белгиледи.

Кыргыз делегациясы ошондой эле Казакстандын сот тутумундагы Кырдаалдык жана Коммуникациялык борборлордун иши менен таанышты.

Мындан сырткары, Замирбек Базарбеков башында турган делегация райондук соттордо болуп, сот тутумундагы санариптештирүү иштерин карап чыгышат.

Кыргыз делегациясынын курамында Жогорку соттун судьясы Инара Гилязетдинова, Жогорку соттун аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров, маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн башчысы Зарина Калиева, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Бакыт Сарыбаев, Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев, «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Рустам Шабыев, ошондой эле Европа биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгү – 2-фаза” Программасынын негизги эксперти Кристоф Копецки бар.