Нарын облусунун башчысы Улуу Британия жана Швециянын элчилери менен жолукту

Нарын облусунун башчысы Улуу Британия жана Швециянын элчилери менен жолукту

Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Эдмунд Гарретт, Швециянын Кыргызстандагы жана Азербайджандагы элчиси Кристиан Камилл, ошондой эле Кыргызстандагы “БУУ-Аялдар” түзүмүнүн өкүлү Улзийсурен Жамсран баштаган Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрүн кабыл алды.

Өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, жолугушууда Нарын облусунда 2014-жылдан 2021-жылга чейин ишке ашкан “Элеттик аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоорунун натыйжалары жана алдыдагы кызматташууну арттыруу боюнча баарлашуу болду.

Аталган долбоор БУУнун Аялдар түзүмү, Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму жана Айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча эл аралык фонду, КР өкмөтү менен өнөктөштүктө Норвегия жана Швеция өкмөттөрүнүн каржылоосунда ишке ашкан.

Долбоордун каржылоосу менен Жумгал, Ат-Башы райондоруда нан жасоочу, кийим тигүүчү, жүндөн буюмдарды жасай турган жана башка чакан ишканалар ачылып, элеттик аялдардын жумуш орду менен камсыз болуусуна, үй-бүлөлүк кирешелерин көбөйтүүгө, фитнес-залдарда ден соолуктарына кам көрүүсүнө, гендердик, экономикалык укуктарын билүүсүнө өбөлгө түзүлгөн.

Баарлашуу учурунда облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев айрыкча элет жериндеги айымдарыбыздын ролун көтөрүүдө, алардын социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууда долбоордун маанисип чоң экенин баса белгилеп, донорлорго Нарын облусунун элинин жана өзүнүн атынан ыраазычылык билдирди. Ошондой эле долбоордун улантылышына жана башка райондордун камтылышына, башка тармактарда дагы кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.

Швеция Кыргызстандагы жана Азербайжандагы элчиси Кристиан Камилл бул жерге касиеттүү Тенир Тоо жергесин көрүү менен бирге долбоордун натыйжасына мониторинг жүргүзүү үчүн келгенин айтты.

Сүйлөшүү мезгилинде Кыргызстандагы “БУУ-Аялдар” түзүмүнүн өкүлү Улзийсурен Жамсран айым долбоорду улантуу аракеттери көрүлүп жатканын маалымдады. Жолугушуу өз ара түшүнүшүү кырдаалында өтүп, алдыда тыгыз кызматташуу жана достук алаканы бекемдөө тууралуу сөз болду.

Келген меймандар жасалган иштердин натыйжасын көрүү максатында Ат-Башы жана Жумгал райондоруна сапарын улады.