Өзбекстандан Россияга темир жол каттамдары калыбына келет

Өзбекстандан Россияга темир жол каттамдары калыбына келет

Бишкек, 06.06.22. /Кабар/. Россия 14-июндан тарта Өзбекстан жарандары үчүн поезд менен өлкө аймагына кирүүгө киргизилген чектөөлөрдү алып салды. Мындай чечимди Россиянын Коронавирустун алдын алуу боюнча ыкчам штабы кабыл алды.

"14-июндан тарта "Ташкент–Самара" жана "Ташкент–Волгоград" багыттары боюнча каттамдарды калыбына келтирүү чечими кабыл алынды. Каттамдар жумасына бир жолудан аткарылат", – деп жазылган штабдын билдирүүсүндө.

Ошондой эле 14-июндан тарта Россияга өлкөгө автотранспорт менен жана деңиз порттору аркылуу келе турган чет өлкөлүктөр үчүн киргизилген эпидемиологиялык чектөөлөрдү алып салат.

Өткөн жылы апрелде Россия Өзбекстан менен аба байланышын калыбына келтирип, өзбекстандык студенттерге окууларын улантуу үчүн өлкөгө кирүүгө уруксат берген. Күзүндө Россияга курулуш жана агроөнөр жай тармактарында иштөөгө бара турган өзбек жарандары үчүн чектөөлөр алынган.

2021-жылы жайында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолукканда эки өлкө ортосундагы туруктуу аба каттамдарын көбөйтүүнү жана жүргүнчү ташыган темир жол каттамдарын калыбына келтирүүнү сунуштаган.