Президенттин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясы уюштурулду

Президенттин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясы уюштурулду

Бишкек, 11.05.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясы уюштуруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Түзүлгөн рыноктук мамилелердин шартында мамлекет күчтүү өнүккөн экономиканы түзүүгө багытталган өнүгүү жолун тандады. Ар бир өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун негизги факторлорунун бири жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо саналат.

Президенттик стипендияны уюштуруу таланттуу жаштарга Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу секторлорунда суроо-талапка ээ болгон билим берүү жана илим багыттары боюнча дүйнөнүн алдыңкы университеттеринде алдыңкы билимдердин жеткиликтүү болушуна мүмкүндүк берүүчү механизм болот.

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясын белгилөө Кыргыз Республикасынын жарандарына QS World University Rankings, Times Higher Education эл аралык рейтинги боюнча жогорку окуу жайлардын алдыңкы 100 дүйнөлүк рейтингине кирген чет элдик университеттерде билим алууга мүмкүндүк берет.

Стипендиялар техникалык, инженердик, экономикалык жана социалдык-гуманитардык даярдоо багыттары боюнча магистратура жана PhD докторантура программалары боюнча окутууга бөлүнүп берилет.

Таланттуу жаштарга чет өлкөдө билим алууга колдоо көрсөтүү жана шыктануусун арттыруу, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча жаңы муундун адистерин даярдоо үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алуу менен токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясы уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын ыйгаруу тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча республикалык комиссия 2-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана бекитсин:− Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын ыйгаруу үчүн талапкерлерди тандоо эрежелерин;− стипендиаттар менен окуу келишимдерин түзүү эрежелерин;− Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын алууга жана стажировкадан өтүүгө типтүү келишимди.
5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча жооптуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.