Бишкек шаарынын мэри Россиянын Рязань облусунун губернатору менен жолукту

Бишкек шаарынын мэри Россиянын Рязань облусунун губернатору менен жолукту

Бишкек, 27.04.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Россиянын Рязань облусунун губернатору Николай Любимов баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда тараптар туризм, билим берүү, коммуналдык чарба жана курулуш тармагындагы кызматташууну талкуулашты.

Николай Любимов калаа башчысын Рязандын өндүрүүчүлөрүнүн продукцияларынын көп тармактуу көргөзмө экспозициясына келүүгө чакырды. Эки айдын ичинде аянтчада облустун 57 ишканасынын продукциясы – 500дөн ашык товарлардын үлгүлөрү жана уникалдуу иштеп чыгуулар көрсөтүлөт.

Өз кезегинде, Эмилбек Абдыкадыров узак мөөнөттүү өз ара пайдалуу кызматташууну түзүүгө ишенимин билдирди.