Элчи Эрбол Султанбаев Минск шаарынын башчысы Владимир Кухарев менен жолугушту

Бишкек,17.07.24. /Кабар/. Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Минск шаардык аткаруу комитетинин төрагасы Владимир Кухарев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

КР ТИМден билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен Беларустун соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү аймактар аралык кызматташтыгын тереңдетүү маселелерин талкуулашты.

Минск шаарынын башчысы Владимир Кухарев эки өлкөнүн борбор шаарларынын ортосундагы кызматташуу динамикасын канааттануу менен белгиледи. Ал өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча кызматташууну тереңдетүүгө даяр экенин билдирди, анын ичинде Минскинин өнөр жай жана соода ишканалары менен түз байланыштарды түзүү маселесин белгиледи.

Өз кезегинде элчи Эрбол Султанбаев Бишкек жана Минск шаарларынын өндүрүштүк, өнөр жай жана маданий потенциалын баса белгилеп, өз ара бизнес миссияларды уюштуруу, айыл чарба жана өнөр жай кооперациясы тармактарында долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бир катар практикалык чараларды сунуштады.

Бул багытта 2008-жылдагы Бишкек жана Минск шаарларынын ортосунда боордош шаар мамилелерин түзүү жөнүндө макулдашуунун алкагында тараптар орто мөөнөттүк Жол картасынын долбоорун иштеп чыгууну макулдашты.