Догдуркүл Кендирбаева Өзбекстанда өтүп жаткан ректорлордун II форумуна катышты

Бишкек, 17.07.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстан менен Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун II форумуна катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, форум 16-17-июлунда Самарканд шаарында өтүүдө.

Курамына алдыңкы ЖОЖдордун ректорлору кирген Кыргызстандын делегациясын министр Догдуркүл Кендирбаева жетектеп барды.

Иш-чарада эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосунда тажрыйба алмашуу, биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу жана академиялык байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланууда.

Эске сала кетсек, өткөн жылдын октябрь айында Ош шаарындагы Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек университетинде Кыргызстан менен Өзбекстандын ректорлорунун I эл аралык форуму өткөн.