Венада Кыргызстан менен Австриянын ар тараптуу кызматташтыгы талкууланды

Бишкек, 05.07.24. /Кабар/. Вена шаарында Кыргызстандын Австриядагы элчиси Толенды Макеев "Австрия – Борбордук Азия" парламенттик достук тобунун жетекчиси Ева Эрнст-Дзиджич жана мүчөлөрү менен жолукту.

КР тышкы саясий ведомствосунан маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин май айында Австрияга болгон расмий сапарынын жыйынтыктары жана эки тараптуу парламенттик кызматташтыктын мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. Эки өлкөнүн депутаттык достук топторунун деңгээлинде жигердүү иштерди улантуунун маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди.

Мындан тышкары, өлкөлөр ортосундагы экономикалык өз ара аракеттенүү маселелери да каралды. Буга байланыштуу элчи Макеев 10-июнда Вена шаарында КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусу менен Эл аралык энергетика инвестициялык форумдун жыйынтыгы боюнча маалымат берди.

Ошондой эле туризм тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселелерине дагы көңүл бурулду. Тоо лыжа курорттору менен белгилүү болгон Австриянын Зальцбург Федералдык жеринде Кыргызстандын жарандарын туризм, мейманкана бизнеси, гастрономия тармагында ишке орноштуруу боюнча долбоорду ишке ашыруу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Өз кезегинде Эрнст-Дзиджич жана "Австрия – Борбордук Азия" парламенттик достук тобунун мүчөлөрү үстүбүздөгү жылдын 9-июнунда Австрияда өткөн Европарламентке шайлоонун жыйынтыктары жана 29-сентябрда боло турган Австриянын Улуттук Кеңешине (Парламенттин төмөнкү палатасына) шайлоо тууралуу кыскача маалымат беришти.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө макасатында, ошондой эле конкреттүү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн тыгыз кызматташууну улантууну макулдашты.